Кыргызстан дүйнөдөгү туристтердин кызыгуусу эң тез өскөн өлкө деп табылды

Экономика 16 октябрь 2026 12:50
Кыргызстан дүйнөдөгү туристтердин кызыгуусу эң тез өскөн өлкө деп табылды
copyright icon WWW

Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Кыргызстан 2027-жылы туристтер арасында популярдуулугу эң тез өсүшү мүмкүн болгон дүйнөлүк багыттардын рейтингинде биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу 15-октябрда Falstaff Travel журналы Skyscanner туристтик платформасынын изилдөөсүнө таянып жарыялады.

Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанга авиабилеттерди издөө боюнча суроо-талап бир жылда 501% өскөн. Экинчи орунда Египеттин Хургада шаары 186% өсүш менен, үчүнчү орунда Швециянын Мальмё шаары 103% өсүш менен турат.

"Falstaff Travel басылмасы Кыргызстандын туристтер үчүн жагымдуулугун уникалдуу жаратылышы, укмуштуу саякаттарга болгон мүмкүнчүлүктөрү жана кыргыз элинин бай көчмөн маданияты менен байланыштырган", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, буга чейин Кыргызстан Lonely Planet сыяктуу эл аралык туристтик басылмалардын да көңүлүн буруп, сунуштарына кирген.