Кыргызстандын билим берүү системасы глобалдуу туруктуу өнүгүү максаттарына негизделген

Билим Загрузка... 04 Июль 2025 09:10
WhatsApp_Image_2025_FNwJFL1.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 04.07.25./Кабар/. 2015-жылы БУУ уюмга мүчө бардык өлкөлөр үчүн милдеттүү болгон Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) кабыл алган. Кыргызстандагы 12 жылдык билим берүү системасы бул процесстерден четте калган жок. Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Мелисбек Музулманов "Кабар" агенттигине билдирди.

"17 глобалдык максаттын дээрлик бардыгы биздин системада чагылдырылган. Өлкөдө жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары кабыл алынганын жана алар балада компетенттүүлүктү калыптандырууга гана эмес, барынан мурда баалуулуктарга негизделгенин айтып келебиз. Биз 7 негизги баалуулукту аныктадык: мекенчилдик, чынчылдык жана калыстык, кайраттуулук, боорукердик, эмгекчилдик, жаратылышты сыйлоо жана туруктуу өнүгүү принциптерине берилгендик.

Биздин балдар адилеттүү жана жоопкерчиликтүү, ошол эле учурда дүйнөлүк атаандаштыкка, ошол принциптер боюнча иштөөгө жана жашоого жөндөмдүү болушу керек. Бул баалуулуктар мектеп программасындагы бардык окуу предметтери аркылуу калыптанышы зарыл.

Биздин мугалимдер ушул стандарттардын негизинде иш алып барышса, биз дүйнөлүк коомчулуктун бир бөлүгү катары дүйнөлүк тенденцияга ылайык алдыга жыла алабыз", - деди Мелисбек Музулманов.