Кыргызстандын алтын өндүргөн ишканалары бюджетке 158 млрд сом төктү

Экономика 1467 27 Май 2025 11:47
682dd40c24d1b-_DqDhuqO.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
1061214378_0_0.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
682dd4ea1ff00-_UoZfmiw.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon www

Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. 2020-2024-жылдар аралыгында Кыргызстандын бюджетине 160 кен казуучу компаниядан 147,5 миллиард сомго жакын салык которулган.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, 2025-жылдын биринчи кварталында бюджетке кошумча 10,8 миллиард сом түшкөн.

Жалпысынан алтын өндүрүүчү компаниялар 158 миллиард сомдон ашык төлөшкөн.

Жылдар боюнча карай турган болсок, 2020-жылы алтын өндүрүүчү компаниялар 16,9 миллиард сом төлөшсө, 2021-жылы 21,6 миллиард сом төлөп, 2022-жылы рекорддук сумма 41,1 миллиард сом болгон. 2023-жылы бул көрсөткүч 32,5 миллиард сом болсо, 2024-жылы жалпысынан 35,4 миллиард сом чогултулган.