Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Stipendium Hungaricum программасы боюнча 2026-2027-окуу жылдарга Венгриянын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында билим алууга Кыргызстандын жарандарын тандоо үчүн сынак жарыялайт.
Ведомстводон маалымдашкандай, тандоо эки өлкөнүн министрликтеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумун аткаруу максатында өткөрүлөт.
Эки тараптуу келишимдердин алкагында Венгрия тарап төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн 200 квота сунуштайт:
- бакалавриат (BA/BSc) / бир деңгээлдүү магистратура (One-tier Master/OTM) – 130 орун;
- магистратура (MA/MSc) – 50 орун;
- докторантура (PhD/DLA) – 20 орун.
Бул квоталар Венгрия өкмөтүнүн Stipendium Hungaricum Scholarship Programme стипендиялык программасынын алкагында берилип, аны "Темпус" коомдук фонду башкарат.
Сынакка 2026-жылдын 31-августуна карата 18 жашка толгон Кыргызстандын жарандары катыша алышат.
Кошумча маалымат төмөнкү шилтемелерде:
Студенттер үчүн портал: https://student.edu.gov.kg/
Арыз берүү: https://apply.stipendiumhungaricum.hu
Бакалавриат, магистратура, докторантура: https://stipendiumhungaricum.hu/.../BA_MA_OTM_Call_for...
PhD үчүн маалыматтар: https://stipendiumhungaricum.hu/.../PhD_Call_for...