Кыргызстандыктар Ташкентте өткөн AICA Awards 2025 эл аралык форумуна катышты

Борбор Азия Загрузка... 09 Апрель 2025 15:59
WhatsApp Image 2025-04-09 at 15.59.44.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 09.04.25. /Кабар/. Өзбекстандын борборунда AICA Awards 2025 named after Al-Khwarizmi эл аралык форумуна Кыргызстандын өкүлдөрү активдүү катышуусу менен айырмаланды. Бул тууралуу Борбор Азиядагы Жасалма интеллект ассоциациясынын (AICA) басма сөз кызматы кабарлады.

Форумдан башкы максаты — жасалма интеллект тармагындагы инновацияларды колдоо, илимий жана практикалык жетишкендиктерди жайылтуу, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо.

Иш-чарада Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышып, региондогу ЖИ тармагындагы мыкты жетишкендиктер белгиленди.

AICA Awards 2025 иш-чараларында жасалма интеллектке (ЖИ) байланыштуу стартаптар, атап айтканда, бизнеске, саламаттык сактоого, агротехнологияга, өнөр жайга интеграция, билим берүү, этика, мамлекеттик саясат, жаштар демилгелери жана ЖИ-платформаларды иштеп чыгуу багытындагы долбоорлор сунушталды.

Кыргызстан бул иш-чарада жогорку деңгээлде көрсөтүлдү: өлкөнүн өкүлдөрү калыстар тобуна жана эксперттик кеңешке киришти. Калыстар курамында төмөнкү адистер иш алып барышты. Айжан Алишерова — Accelerate Prosperity программасынын Кыргызстандагы жетекчиси, Ага Хан өнүктүрүү тармагынын (AKDN) глобалдык демилгесинин өкүлү, Бакай Жунушов — Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) чакан жана орто бизнес боюнча улук менеджери, Чубак Темиров — Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын директорунун орун басары.

Мындан тышкары, AI Community Bishkek коомчулугунун өкүлү Тимур Туратали иш-чаранын эксперттик кеңешинин мүчөсү катары катышты.

Белгилей кетсек, AICA — Борбор Азиядагы ЖИ тармагын өнүктүрүүгө багытталган алдыңкы уюмдардын бири болуп, анын максаты — Борбор Азияны жасалма интеллект жаатындагы дүйнөлүк алдыңкы борборлорунан бирин айлантыруу болуп саналат.