Кыргызстандыктар акысыз медициналык кароодон өтүүгө чакырылат

Ден соолук Загрузка... 10 Март 2025 14:45
image-2023092515424.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жарандарды ден соолугуна кам көрүүнү кечиктирбөөгө жана профилактикалык текшерүүдөн өтүүгө чакырат.

Ведомстводон билдиришкендей, алдын алуу артериалдык гипертензия (жогорку кан басымы), кант диабети, кургак учук жана рак сыяктуу көптөгөн оорулар алгачкы этапта симптомсуз өтүшү мүмкүн болгон ооруларды алгачкы этапта аныктоого мүмкүндүк берет.

Кимге үзгүлтүксүз текшерилүү керек?

35-40 жаштан баштап – жыл сайын дарыгерге баруу сунушталат, анткени тобокелдик жогорулайт:

  • жүрөк-кан тамыр оорулары (гипертония, инфаркт, инсульт);
  • кант диабети;
  • жогорку холестерин;
  • семирүү жана боор оорулары.

50 жаштан тартып тобокелдиктер жогорулайт:

  • онкологиялык оорулар (эмчек, жатын моюнчасы, өпкө, ичеги рагы);
  • жүрөк-кан тамыр оорулары (гипертония, жүрөктүн ишемиялык оорусу, инфаркт миокард, инсульт);
  • кант диабети (инсулинге карата клеткалардын сезгичтигинин төмөндөшүнөн улам);
  • остеопороз (сөөк массасынын жоголушу, сыныктардын көбөйүү тобокелдиги, өзгөчө аялдарда менопаузадан кийин).

Алдын ала текшерүү эмнелерди камтыйт?

Акысыз: текшерүү, консультация, анын ичинде артериялык басымды өлчөө, лабораториялык изилдөө (камсыздандырылгандар үчүн – анализдин 52, камсыздандырылбагандар үчүн – 12 түрү)

50% арзандатуу менен: УЗИ жана рентгенография (көрсөткүчтөрү бар болсо)

Алдын ала текшерүүдөн кантип өтүш керек?
1. Үй-бүлөлүк медициналык борбордо үй-бүлөлүк дарыгерге катталуу.

2. Камсыздандыруу статусуна ээ болуу же ММК полисин сатып алуу.

3. Изилдөөлөрдөн өтүү үчүн дарыгерден жолдомо алуу.