Бишкек, 31.10.25. /Кабар/. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жаш окумуштууларды Кытайга илимий стажировкага жөнөтүүдө. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Илимий стажировкага катышуучулар ачык сынактын негизинде тандалып, алар Илим министрлиги менен Кытайдын Илим жана технологиялар министрлигинин ортосунда макулдашылган илимдин приоритеттүү багыттары боюнча жөнөтүлүүдө.
Бул багыттарга медицина, айыл чарба, геология, сейсмология, жашыл экономика, экология, биотехнология жана индустриализациялоо кирет.
Сынактын жеңүүчүлөрү илимий даражасы бар же жок экенине карабастан, кесипкөйлүгү жана англис тилин эркин билүүсү аркылуу тандалып алынган. Талапкерлердин жаш курагы 45 жаштан ашпоого тийиш. Илимий стажировканын мөөнөтү — 3 айдан 12 айга чейин.
Министрлик тарабынан стажировка учурунда жаш окумуштууларга Кытай Эл Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калктын жыргалчылыгын жогорулатуу жаатындагы тажрыйбасын өзүнүн илимий багытынын алкагында изилдөө тапшырмасы коюлган.
Жыйынтыгында ар бир катышуучу Кытайдагы илимий жана билим берүү мекемелеринен алган тажрыйбанын негизинде Кыргызстандын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган илимий-техникалык долбоор сунуштоо милдетин аткарат.
Күн мурун илим министринин орун басары Кемел Садыков жаш окумуштуулар менен жолугушуп, алдыдагы иш сапарында ийгилик каалады.
Өз сөзүндө Кемел Садыков стажировкага тандалып өтүү — бул ар бир катышуучунун билимин, өжөр эмгегин жана илимге болгон умтулуусун тастыктаган чоң жетишкендик экенин белгиледи.
"Бул сапар жөн гана окуу эмес — бул дүйнөлүк илимдин деңгээлин көрүү, жаңы технологияларды өз көзүң менен байкоо жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү. Ар бириңер Кыргызстандын илиминин келечегине өз салымыңарды кошуп жатасыңар", — деди ал.
Министрдин орун басары белгилегендей, жаш окумуштуулар Кытай Эл Республикасынын илимий жана технологиялык тажрыйбасын өз багыты боюнча изилдеп, алган билимдерин Мекендин өнүгүүсүнө багытталган иштерде колдонушат.
"Силер — Кыргызстандын жүзү, силерге министрлик ишенет. Биз сиздерден жаңы дем, жаңы идеялар күтүп жатабыз. Стажировка учурунда топтогон билимиңерди пайдаланып, кайтып келгенде аны практикалык иштерге айланткыла", — деп баса белгиледи Кемел Садыков.
Жыйынтык сөзүндө ал жаш окумуштууларга ийгилик, чыдамкайлык жана чыгармачыл дем каалап, алардын ийгиликтери кыргыз илиминин эл аралык деңгээлге чыгуусуна өбөлгө болорун белгиледи.
Министрлик тарабынан жаш окумуштуулардын илимий потенциалын өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү иштери мындан ары да улантылары айтылды.