Ташкент, 24.04.25. /Кабар/. Кыргызстандык серепчилер Борбор Азия менен Перс булуңунун Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешине (ССАГЗ) кирген өлкөлөрдүн алкагында өтө турган биринчи форумга катышмакчы. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин алдындагы Стратегиялык жана аймактар аралык иликтөөлөр институту (ИСМИ) басма сөз кызматы билдирди.
2025-жылдын 28-29-апрелинде Ташкент шаарында өтө турган бул маанилүү жыйынга Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасынын жана финансы министринин мурдагы кеңешчиси Бакыт Бакетаев, ошондой эле "Далил плюс" талдоо клубунун тең негиздөөчүсү, белгилүү саясий серепчи Марс Сариевтин катышары күтүлүүдө.
Форумдун темасы — "Стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо: тарыхый байланыштардан көп тармактуу кызматташтыкка чейин".
Анда Борбор Азия менен ССАГЗга кирген мамлекеттерден 70тен ашуун алдыңкы аналитиктер, дипломатиялык өкүлдөр жана ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү чогулат. Форумдун жүрүшүндө аймак аралык саясий диалогду тереңдетүү, коопсуздукту биргелешип камсыз кылуу, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, «жашыл» энергетиканы өнүктүрүү жана транспорт тармагындагы ири долбоорлор талкууланат.
Иш-чараны ИСМИ Сауд Аравиясынын Gulf Research Center уюму менен биргеликте уюштурууда.