Кыргызстандык окуучулар ЖИ боюнча эл аралык олимпиадада 2 медаль жеңди

Билим 36 11 Август 2026 12:40
олимпиада_IOAI.jpg.jpeg
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар жасалма интеллект боюнча III эл аралык олимпиадада (IOAI 2026) алтын жана күмүш медалга ээ болушту.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, олимпиада 2-8-августта Казакстандын Астана шаарында өтүп, ага 106 өлкөдөн 400дөн ашуун мектеп окуучусу катышты.

Кыргызстандын атынан катышкан Ян Бобрус алтын, Сабыр Алымбеков күмүш медаль тагынды. Айвар Тынчтыкбеков Ардак грамотага ээ болсо, Арууке Сулайманова олимпиаданын катышуучусу болду.

Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы өлкөлөрдүн жалпы рейтингинде 15-орунду ээледи.

IOAI олимпиадасында мектеп окуучулары машиналык үйрөнүү, маалыматтарды талдоо жана жасалма интеллект моделдерин иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларды аткарышат.