Кыргызстандык окуучулар KIPHO олимпиадасында 2 коло медаль жеңди

Билим 18 март 2026 14:49
Кыргызстандык окуучулар KIPHO олимпиадасында 2 коло медаль жеңди
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар 5–12-мартта Россиянын Долгопрудный шаарында өткөн эл аралык физика олимпиадасында (KIPHO) 2 коло медаль жеңип алышты.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, алар:

  • Эмилбеков Айтегин - жеке эсепте коло медаль (11-класс, "Газпром Кыргызстан" мектеби);
  • Туташев Умар - командалык эсепте коло медаль (10-класс, "Газпром Кыргызстан" мектеби).

Бул эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан жалпы беш окуучу катышты.

Эскерте кетсек, KIPHO олимпиадасы үч этаптан туруп, катышуучулар эксперименталдык жана теориялык тапшырмаларды жекече жана командалык тартипте аткарышты.