Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча эл аралык олимпиададан 7 медаль жеңди

Билим 16 Февраль 2026 09:48
633276173_1355787996594941_1363681676741719566_n.jpg
634676756_1355787873261620_2443683956247967867_n.jpg
635061505_1355788046594936_4621001499378130423_n.jpg
635151941_1355787826594958_3580530859718154763_n.jpg
634721517_1355787846594956_5449960954726826880_n.jpg
636335489_1355787919928282_3160476871639236073_n.jpg
633936423_1355788049928269_8933328242704647893_n.jpg
633957502_1355788133261594_5972764128476406089_n.jpg
637707408_1355788159928258_6197717791135266068_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар INFO1CUP эл аралык информатика олимпиадасында жогорку жыйынтык көрсөтүштү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Мелдешке Кыргызстандан 8 окуучу катышып, 7 медаль жеңип алды. Ал эми бир катышуучу сертификатка ээ болду.

Алтын медаль алгандар:

  • Абдуллахан Абдирасулов — 10-класс, "Сейтек STEM" мектеби;
  • Рамазан Мананов — 10-класс, "Сейтек STEM" мектеби.

Күмүш медаль алгандар:

  • Саид Жаныкеев — 10-класс, "Сейтек STEM" мектеби;
  • Эмирхан Сыдыков — 8-класс, "Газпром Кыргызстан" мектеби.

Коло медаль алгандар:

  • Бектен Абдувалиев — 8-класс, International School of Kyrgyzstan;
  • Азирет Исраилов — 9-класс, Intellect School;
  • Аруубек Баимырзаев — 9-класс, "Акылман" президенттик лицейи.

Катышкандыгы үчүн сертификат:

  • Актан Мавлянов — 9-класс, Intellect School.

Белгилей кетсек, олимпиада 7-8-декабрь күндөрү Румыния мамлекети тарабынан өткөрүлгөн. Ага Армения, Азербайжан, Болгария, Египет, Грузия, Венгрия, Израиль, Италия, Кыргызстан, Румыния, Сербия, Сирия, Түркмөнстан, Украина, Улуу Британия жана Өзбекстандан жалпы 189 окуучу катышты.