Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада алтын жана күмүш медаль жеңишти

Билим Загрузка... 09 Июль 2026 17:50
742859080_1952344938784797_9046276461785967482_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар Жасалма интеллект боюнча Азия – Тынч океан олимпиадасында (APOAI 2026) бир күмүш, бир коло медаль жана Ардак грамота жеңип алышты.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, эл аралык мелдешке Азия – Тынч океан аймагындагы 18 өлкөдөн 128 окуучу катышкан. Алардын ичинен кыргызстандык жаш таланттар өзгөчө даярдыгын көрсөтө алышты.

Ошентип, күмүш медалды Бишкектеги "Маариф" билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу Сабыр Алымбеков, коло медалды "Газпром Кыргызстан" мектебинин 10-классынын окуучусу Ян Бобрус утуп, Кара-Балта шаарындагы №6 мектептин окуучусу Аруке Сулайманова Ардак грамотага татыды.

Жасалма интеллект боюнча эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн расмий сыйлоо аземи ушул жылдын 5-6-августунда Астана шаарында өтөт.