Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 8 медаль жеңди

Билим 13 Май 2026 19:30
698572896_1429706532536420_1903423728836655322_n.jpg
696660866_1429706592536414_8375440346144515010_n.jpg
697151172_1429706545869752_5386933365168282470_n.jpg
698296393_1429706675869739_5070242557893673516_n.jpg
698517034_1429706632536410_1597029369403788136_n.jpg
698938469_1429706615869745_61748504086935398_n.jpg
700130028_1429706539203086_3445503110016679687_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар Авиценна атындагы эл аралык биология олимпиадасында (AIBO - Avicenna International Biology Olympiad) 8 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Олимпиада 20-27-апрель күндөрү Өзбекстандын Наманган шаарында өтүп, ага дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн келген окуучулар катышты.

Жогорку деңгээлдеги билим таймашында Кыргызстандын курама командасы ийгиликтүү чыгып, 1 алтын, 5 күмүш жана 2 коло, жалпысынан 8 медаль багындырды.

Алтын медаль:

  • Дмитрий Рубан – "Сейтек СТЕМ" мектебинин 11-классынын окуучусу.

Күмүш медалдар:

  • Улукбек Русланбеков – "Сейтек СТЕМ" мектеби, 10-класс;
  • Атахан Исираев – "Кут Билим" окуу-тарбия комплекси (Ысык-Көл), 11-класс;
  • Эржан Асанов – Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи, 11-класс;
  • Байхан Байсулдаев — Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи, 10-класс.

Коло медалдар:

  • Анатай Нурланов – Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи, 10-класс;
  • Умар Эргешов – "Курманбек баатыр" атындагы Жалал-Абад балдар лицейи, 10-класс.