Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар Балкан математикалык олимпиадасында 2 коло медаль жана 1 ардак грамота жеңип алды.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, коло медалдарды Бишкектеги "Маариф" комплексинин 8-классынын окуучусу Нурмухаммед Жаратов жана "Газпром Кыргызстан" мектебинин 7-классынын окуучусу Артем Яголковский жеңип алышкан.
Ошондой эле Чолпон-Ата шаарындагы "Акылман" президенттик лицейинин 8-классынын окуучусу Алихан Ахунбаев Ардак грамотага татыды.
Белгилей кетсек, 15-20-июнь күндөрү Румыниянын Бузэу шаарында өткөн бул абройлуу мелдешке дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн 138 окуучу катышкан.
Эске салсак, бул эл аралык олимпиада 1997-жылдан бери өткөрүлүп келет. Кыргызстандын курама командасы улуттук олимпиадалардын жыйынтыгы менен тандалып, бул мелдешке 2015-жылдан бери үзгүлтүксүз катышып келе жатат.