Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар 27-30-июнь күндөрү Стамбул шаарында өткөн Балкан физика олимпиадасында 4 коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул медалдар Кыргызстандын аталган абройлуу эл аралык олимпиадага катышуу тарыхындагы алгачкы сыйлыктар болуп калды. Интеллектуалдык мелдешке барган улуттук курама команданын бардык төрт мүчөсү тең байгелүү орундарды камсыздашты.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
- Марсель Касымов – "Маариф" билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу;
- Нурбол Мырзабеков – "Маариф" билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу;
- Умар Туташбаев – "Газпром Кыргызстан" мектебинин 10-классынын окуучусу;
- Истеми Тазабеков – "Сейтек-СТЕМ" мектебинин 9-классынын окуучусу.
Белгилей кетсек, бул абройлуу мелдешке 13 өлкөдөн 51 окуучу катышып, физика боюнча татаал теориялык маселелерди чечүүдө күч сынашышты.