Кыргызстандык окуучу Европа олимпиадасында алгачкы медалды жеңди

Билим 17 Июнь 2026 10:35
724453710_1461386149368458_6616579064868853939_n.jpg
724442422_1461386166035123_2905085756887293611_n.jpg
724912669_1461386159368457_5209940263123167935_n.jpg
Алдыга
Артка
724453710_1461386149368458_6616579064868853939_n.jpg
724442422_1461386166035123_2905085756887293611_n.jpg
724912669_1461386159368457_5209940263123167935_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. "Аалам" эл аралык мектебинин (AIMS Razzakov) 12-классынын окуучусу Аскар Абдиев физика боюнча 10-Европа олимпиадасында коло медаль жеңип алды.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, ал Кыргызстандын тарыхында бул олимпиададан алгачкы медалды утуп берген окуучу болуп калды.

Ошондой эле "Газпром Кыргызстан" мектебинин 11-классынын окуучусу Айтегин Эмилбеков Ардак грамотага татыды.

Белгилей кетсек, олимпиада 12-16-июнда Швециянын Гётеборг шаарында өттү. Бул абройлуу мелдешке дүйнөнүн 41 өлкөсүнөн 199 эң мыкты окуучу катышып, теориялык жана эксперименталдык татаал тапшырмаларды аткарышкан.