Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык медициналык факультетинин Клиникалык дисциплиналар-2 кафедрасынын кызматкери Фахер Рахим Карим Medical and Health Sciences / Medical Genetics багытында дүйнөдөгү эң көп шилтеме алган окумуштуулардын бири катары таанылды.
Окуу жайдан билдиришкендей, белгилүү эл аралык H-Index Rankings рейтингине ылайык, Фахер Карим дүйнөдөгү алдыңкы изилдөөчүлөрдүн топ-1% тизмесине кирди. Муну менен ал аймактагы эң таасирдүү окумуштуулардын бири экенин дагы бир жолу тастыктады.
Анын илимий ишмердүүлүгүнө жасалган анализдин жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандагы изилдөөчүлөрдүн арасында ал 1-орунда, ОшМУ ичиндеги шилтеме алуу көрсөткүчү боюнча 1-орунда жана дүйнөлүк рейтингде 8 278-орунда турат.
Фахер Рахим Каримдин макалалары эң көп (120 миң) цитирленген дүйнөдөгү илимпоздордун бири болуп саналат. Анын H-индекси 71, Scopus базасында 389 макаласы жарык көргөн.