Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Кыргызстандык айыл чарба өндүрүүчүсү жана ишкер Раиса Төлөгөнова Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун "100 каарман" эл аралык демилгесинин тизмесине кирди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 15-октябрда Рим шаарында өтүп, айыл чарбасына, азык-түлүк системаларын өзгөртүүгө жана айыл аймактарын өнүктүрүүгө салым кошкон 100 аялдын эмгеги белгиленди.
Раиса Төлөгөнова карагат жана башка мөмө-жемиштерди өстүрүүдө заманбап агротехнологияларды колдонуп, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана Кыргызстанда мөмө-жемиш өстүрүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн таанылды.
Демилге 2026-жылдагы Эл аралык фермер аялдар жылына карата уюштурулган.