Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Жаш кыргыз футболчусу Нурсултан Алишеров Москванын "Спартак" клубу менен расмий түрдө келишим түздү. Тараптар 2028-жылдын аягына чейин узак мөөнөттүү келишимге кол коюшту.
Кыргызстандын футбол биримдигинен билдиришкендей, 18 жаштагы футболчу өзүнүн кесиптик карьерасын ушул жылдын март айында баштап, "Спартактын" жаштар командасында ийгиликтүү дебют жасаган.