Кыргызстандык энергетиктер Татарстанда окуудан өтүүдө

Коом 8 декабрь 2025 08:50
589119485_18086013905476120_1477877926329967367_n.jpg
589159531_18086013866476120_1235466934557719665_n.jpg
589561051_18086013869476120_8561771408582624053_n.jpg
589575230_18086013887476120_3129131748218377012_n.jpg
589654287_18086013884476120_3360330194821543155_n.jpg
590702636_18086013908476120_5361592584964968143_n.jpg
590879051_18086013851476120_7659426522169545170_n.jpg
591172419_18086013842476120_6272423182874131585_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 08.12.25 /Кабар/. Кыргызстандын энергетиктери Татарстанда чыңалууда иш алып баруу боюнча окуудан өтүшүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ведомство башка өлкөлөр менен кызматташуунун алкагында, энергетика тармагында тажрыйба алмашуу, заманбап технологиялар менен окутууларды жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү түзүп келет.

Буга ылайык, "Кыргызстан улуттук электр тармактар" ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасынын 8 адамдан турган 2 бригадасы Татарстандын Заинск шаарында жогорку чыңалуудагы аба, кабелдик электр берүү чубалгыларында жана бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдө жумуштарды алып барууну үйрөнүү үчүн билимин жогорулатып, тажрыйба алмашууда.

Мындай пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө чечим “Кыргызстан УЭТ” ААКтын жумушчу тобунун Казань шаарына болгон иш сапарында кабыл алынган. Татарстан тарап, биздин кызматкерлерди бекер окуутууга даяр экендигин билдирип кат жөнөткөн. Аталган окутуулар 1-декабрдан 16-декабрга чейин өткөрүлөт.

Окутуунун жыйынтыгы боюнча бригадалардын коопсуздугу үчүн чыңалууну жөнгө салуу учурунда жеке коргонуунун жаңы комплекттери менен жабдуу маселеси каралат.