Кыргызстандык дарыгерлер Францияда адискөйлүгүн жогорулатууда

Ден соолук 499 29 Июнь 2026 09:40
c0da5e2d-e758-4633-a84a-bb914fb73519 (1).jpg
21b9a4ab-f070-4bd9-8e2f-dfd4b49d25d2.jpg
baf124b2-f980-47a2-9922-f4954f148557.jpg
d53a0034-3384-4c26-b69c-05f926811534.jpg
Алдыга
Артка
c0da5e2d-e758-4633-a84a-bb914fb73519 (1).jpg
21b9a4ab-f070-4bd9-8e2f-dfd4b49d25d2.jpg
baf124b2-f980-47a2-9922-f4954f148557.jpg
d53a0034-3384-4c26-b69c-05f926811534.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Улуттук госпиталдын төрт адиси Париж шаарындагы Hospital Fondation Adolphe de Rothschild клиникасында кесиптик такшалмадан өтүп жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, окуу программасы эки тараптуу кол коюлган меморандумдун алкагында уюштурулууда.

Ага офтальмологдор Алмаз Түлтемиров, Гүлнара Сулайманова, невропатолог Нуржан Жапаралиева жана жаш дарыгер Бообек Сооронбеков катышууда. Кыргызстандык адистер офтальмология, витреоретиналдык хирургия, Паркинсон оорусун дарылоо жана кулак, мурун жана тамак хирургиясы боюнча заманбап ыкмаларды өздөштүрүшүүдө.

Белгиленгендей, эл аралык кызматташтык ата мекендик медицинанын сапатын жогорулатууга багытталган. Такшалма аяктагандан кийин дарыгерлер алган тажрыйбасын Улуттук госпиталдын ишине киргизип, кесиптештерине жайылтууну пландашууда.