Кыргызстандык балет бийчилер Россияда өткөн сынакта сыйлыкка татыды

Маданият 1694 27 Апрель 2026 11:10
WhatsApp Image 2026-04-27 at 07.54.07.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-27 at 07.53.54.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-04-27 at 07.54.07.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-27 at 07.53.54.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет солисттери Россиянын Пермь шаарында өткөн “Арабеск” сынагында сыйлыкка татыды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынакта балет бийчилери Адилжан Рахманов II даражадагы лауреат наамына ээ болсо, Даяна Кыдыралиеваге диплом тапшырылды.

Белгиленгендей, сынак Пермь шаарында 15–25-апрель күндөрү өтүп, пермь балетинин 100 жылдыгына арналды. Бул жылы сынакка дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн артисттер катышты.

Кошумчалай кетсек, 1988-жылдан бери өткөрүлүп келген “Арабеск” сынагы дүйнөдөгү эң абройлуу балет сынактарынын бири болуп саналат.