Кыргызстандык Аида Жаңыбаева “КМШдагы мыкты педагог” аталды

Билим 26 Март 2026 14:34
658787644_1388530176654056_6578248729443344408_n.jpg
WhatsApp Image 2026-03-26 at 10.38.52.jpeg
656069250_1388530066654067_7726922403374712086_n.jpg
Алдыга
Артка
658787644_1388530176654056_6578248729443344408_n.jpg
WhatsApp Image 2026-03-26 at 10.38.52.jpeg
656069250_1388530066654067_7726922403374712086_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Кыргызстандык мугалим “КМШдагы мыкты педагог” аталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Эшперов айылынын №7 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Аида Жаңыбаева “КМШдагы мыкты педагог” эл аралык сынагында биринчи даражадагы дипломго ээ болду.

Сынактын биринчи туру 7-февралда башталып, анда мугалим экинчи турга ийгиликтүү өткөн. Жыйынтыктоочу баскыч 24-мартта Астана шаарында өттү. Анын жыйынтыгында Аида Жаңыбаева I даражадагы диплом, төш белги жана “КМШдагы мыкты педагог” статуэткасы менен сыйланды.

Эл аралык сынакка Борбор Азия өлкөлөрүнүн педагогдору катышты.