11 продукцияга "Нарын бренди" белгиси берилди

Аймак 06 Ноябрь 2025 17:45
577469664_1596882785056479_6871707027073538449_n.jpg
575115080_1596882821723142_3238873135326901878_n.jpg
574401281_1596882775056480_6479119012049462725_n.jpg
575188752_1596882828389808_2197042979493955641_n.jpg
Алдыга
Артка
577469664_1596882785056479_6871707027073538449_n.jpg
575115080_1596882821723142_3238873135326901878_n.jpg
574401281_1596882775056480_6479119012049462725_n.jpg
575188752_1596882828389808_2197042979493955641_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 06.11.25. /Кабар/. 11 продукцияга "Нарын бренди" белгиси берилди. Мындай чечим облус жетекчисинин биринчи орун басары Руслан Сапарбековдун катышуусунда өткөн "Нарын бренд" комитетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жыйынга "Бир айыл - бир продукт" долбоорунун жетекчиси Акихиса Харагучи, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин KG RESILAND долбоорунун 2-компонентинин координатору Нурбек Жумалиев, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Нарын облусундагы программалык ассистенти Кундуз Курманбаева жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү, ишкерлер катышты.

Жыйында жергиликтүү ресурстарды колдонуу менен өндүрүлгөн 11 продукция тандалып алынып, “Нарын бренддинин” сертификаттары тапшырылды.

  • Кремдүү топоз рагусу - Акматов Кубан;
  • “Көчмөндөр” пиццасы - Торгоева Жибек;
  • Сафлор майы - Менсетбек Жакшылыков;
  • “Ак-Талаа” эрте жаздагы балы - Артыков Мамбеткалый;
  • “Жумгал” эспарцет балы - Асейин уулу Нурдин;
  • Кургатылган эт - Сайнидинов Стан;
  • Алма кагы - Мамбеталиев Улук;
  • “Кызыл туз” ооз чайкагычы- Кудайбергенов Улан;
  • Сүзмө печеньеси - Нуракова Асел;
  • Ышталган чучук - Казыбаев Максат.

Белгилей кетсек, иш-чаранын негизги максаты - аймактык бренддерди өнүктүрүү, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жана алар чыгарган продукцияларга “Нарын бренди” соода белгисин ыйгаруу болуп саналат.