Кыргызстанды виртуалдык активдер жаатында аймактык хабга айландыруу маселеси реалдуу - президент

Президент Загрузка... 24 Октябрь 2025 12:16
DST_5085.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.10.25. /Кабар/. Кыргызстанды виртуалдык активдер жаатында аймактык хабга айландыруу маселеси реалдуу. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда “Ынтымак Ордодо” өтүп жаткан Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, Кыргызстан глобалдык финансы архитектурасындагы өзгөрүүлөргө ыңгайлашып гана тим болбостон, өзүнүн аймактык мааниге ээ моделин түзүүгө умтулган мамлекеттердин катарына кирет. Анткени мындай лидерликке бекем негиз түзгөн ийкемдүү институционалдык чөйрө, таланттуу жана шыктуу жаштар, экологиялык таза энергетикага жеткиликтүүлүк, ошондой эле мамлекеттик сервистерди жана инфраструктураны активдүү санариптештирүү сыяктуу уникалдуу артыкчылыктар бар.

“Бул факторлордун жыйындысы Кыргызстанды виртуалдык активдер жана Web3 технологиялары жаатында аймактык хабга айландыруу маселесин реалдуу жана жеткиликтүү кылат. Бул максат системалуу мамилени, жети өлчөп бир кескен чечимдерди жана стратегиялык координацияны талап кылат. Улуттук кеңеш эксперттик потенциалды, эл аралык тажрыйбаны жана саясий эркти интеграциялоо аянтчасы катары дал ушундай ролду аткарат. Биз белгиленген динамиканы сактап калуубуз, ырааттуу, ачык-айкын, дүйнөлүк тажрыйбага, жоопкерчиликке жана өнөктөштүккө таянуу менен иш алып баруубуз маанилүү”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.