Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Министрлер кабинети мунай жана мунай продуктуларын ташып келүүнү жана ташып чыгууну убактылуу жөнгө салууга байланыштуу мурдагы токтомдорго өзгөртүүлөрдү киргизди.
Чечим өлкөнүн ички мунай рыногунун туруктуу иштешин камсыз кылуу, энергетикалык коопсуздукту сактоо, күйүүчү-майлоочу майлардын тартыштыгына жол бербөө жана ички керектөөнү үзгүлтүксүз камсыздоо максатында кабыл алынды.
Ага ылайык, 2019-жылдын 22-октябрындагы №566 токтом менен белгиленген мунай жана мунай продуктуларынын айрым түрлөрүн автотранспорт аркылуу өлкөгө ташып келүүгө байланыштуу чектөөлөрдүн колдонулушу 2027-жылдын 1-апрелине чейин токтотулду.
Ошондой эле 2021-жылдын 1-мартындагы №66 токтомдун аталышы өзгөртүлүп, ал "Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө" деп аталды.
Жаңы редакцияга ылайык, Кыргызстандын аймагынан автомобиль жана темир жол транспорту аркылуу мунайды жана мунай продуктуларын экспорттоого ички рынок толук камсыз болгонго же Евразия экономикалык биримдигинин мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рыногу түзүлгөнгө чейин убактылуу тыюу салынат. Бул талап министрлер кабинетинин чечими менен кайра иштетүү үчүн чыгарылып, кийин кайра өлкөгө алып келине турган айрым мунай продуктуларына жайылтылбайт.
Мындан тышкары, тыюу транспорт каражаттарынын штаттык күйүүчү май бактарындагы күйүүчү майга тиешелүү эмес.
Токтомго ылайык, Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк соода уюму менен Евразия экономикалык комиссиясына, ал эми Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Аткаруу комитетине кабыл алынган чаралар тууралуу маалымдайт.
Мамлекеттик бажы кызматы жана Мамлекеттик чек ара кызматы мунай жана мунай продуктуларын мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюу боюнча чараларды күчөтөт.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.