Кыргыз тасмасы Шанхайдагы кинофестивалда “Эң мыкты тасма" сыйлыгын алды

Маданият Загрузка... 23 Июнь 2025 10:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 23.06.25 /Кабар/. Режиссер Актан Арым Кубаттын "Кара. Кызыл. Сары." аттуу толук метраждуу көркөм тасмасы XXVII Шанхай эл аралык кинофестивалында “Эң мыкты тасма" сыйлыгын алды. Бул тууралуу “Кыргызфильм" улуттук киностудиясы билдирди.

Тасманын сценарийи жазуучу Т.Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде жазылып, “Кыргызфильм" улуттук киностудиясында тартылган. Ал эми тартуу иштери Баткен облусунда жүргүзүлгөн.

Кинофестиваль 13-июндан 22-июнга чейин болуп өттү.

Маалымат үчүн: Шанхай эл аралык кинофестивалы — Борбор Азиядагы жана Кытайдагы, Кинопродюссерлер ассоциациясынын эл аралык федерациясы (FIAPF) тарабынан аккредитацияланган, “А” класстагы ири фестиваль. Ал 1993-жылы негизделген. Ар жылы фестивалга жүздөн ашык өлкөдөн эки миңге жакын тасма, 500 миңдей көрүүчү катышып келет.