Кыргызстанда"Коопсуздук-2025" биргелешкен командалык-штабдык машыгуусу өтүүдө

Коом 22 апрель 2025 10:49
001 (1).jpg
d8ba0ebc-ab3c-4aad-9899-3ef516ffbfc1.jpg
14.jpg
13.jpg
12.jpg
11.jpg
10.jpg
08.jpg
06.jpg
05.jpg
04.jpg
03.jpg
003.jpg
2.jpg
002.jpg
Алдыга
Артка
001 (1).jpg
d8ba0ebc-ab3c-4aad-9899-3ef516ffbfc1.jpg
14.jpg
13.jpg
12.jpg
11.jpg
10.jpg
08.jpg
06.jpg
05.jpg
04.jpg
03.jpg
003.jpg
2.jpg
002.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Кыргызстанда"Коопсуздук-2025" биргелешкен командалык-штабдык машыгуусу өтүүдө. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Чүй облусунда машыгуунун ачылыш аземи өтүп, ага КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу – машыгуунун жетекчиси Кумарбек Калматаев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, машыгууга тартылган райондук мамлекеттик администрациялардын, ошондой эле Коргоо министрлиги менен күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Мындан тышкары, биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуунун ачылышы Ош облусунда орун алды. Аземге Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгынын колбашчысы Алмазбек Карасартов, Кара-Кулжа районунун акими Замирбек Сыдыков, машыгууга тартылган райондун күч түзүмдөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле Коргоо министрлигинин Түштүк –батыш оперативдик комадачылыгынын башкаруу органдарынын аскер кызматчылары катышышты.

Ачылыш аземден кийин бардык катышуучулар машыгуунун биринчи этабына өтүштү. Анда Куралдуу күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн башкаруу органдарын жана аскер кызматчыларын жогорку деңгээлдеги күжүрмөн даярдыкка келтирүү маселелери иштелип чыгат.