Кыргызстандагы реформалар Дүйнөлүк банк тарабынан эң жогорку баага татыды

Министрлер кабинети Загрузка... 15 Апрель 2026 15:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча адилеттүү өсүү, финансы жана институттар боюнча аймактык директору Абебе Адугнай менен жолукту. 

Жолугушуу Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарынын алкагында орун алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө минкаб төрагасы өлкөдөгү учурдагы экономикалык абалга кеңири баяндама жасап, макроэкономикалык туруктуулуктун олуттуу бекемделүүсүн белгиледи. Теңдештирилген фискалдык жана акча-кредит саясаты чечкиндүү түзүмдүк реформалар менен айкалышып, инвесторлордун ишениминин жогорулашына жана жүргүзүлүп жаткан реформалардын эл аралык деңгээлде таанылышына алып келгени белгиленди.

Жолугушууда Адылбек Касымалиев өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын стратегиялык артыкчылыктарына кенен токтолду. Ал Дүйнөлүк банктын өкүлүнө өкмөттүн климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу жана “жашыл экономикага” акырындык менен өтүү боюнча чаралары тууралуу маалымат берди. Минкаб төрагасы гендердик теңчиликти камсыздоого жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өзгөчө басым жасады.

Адылбек Касымалиев адамдык капиталды өнүктүрүүнү узак мөөнөттүү экономикалык өсүштүн негизи катары белгилеп, саламаттыкты сактоо жана билим берүү системаларын кылдат модернизациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле бизнес процедураларын мындан ары жөнөкөйлөтүү жана республикада эң жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттерге токтолду. 

Ошондой эле Кыргызстандын айыл чарба секторун модернизациялоого жана чарбаларды дүйнөлүк рынокко интеграциялоого багытталган Дүйнөлүк банктын “АгриКоннект” (AgriConnect) демилгесине жигердүү катышууга кызыгуусу белгиленди.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын аймактык директору Абебе Адугнай өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүн жогору баалап, Кыргызстандын өсүү темпи чындап эле таасирдүү экенин белгиледи.

"Сиздер эбегейсиз көлөмдөгү реформаларды ишке ашырып жатыпсыздар жана эң негизгиси аларды эң жогорку деңгээлде жүргүзүүдөсүздөр", - деп белгиледи Абебе Адугнай.

Дүйнөлүк банктын өкүлү келечектеги долбоорлордун биргелешкен “жол картасын” иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи, ал мындан аркы кызматташууну системалаштырууга жана тездетүүгө мүмкүндүк берет. Ал “АгриКоннект” демилгеси, туризмди өнүктүрүү жана стратегиялык Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору сыяктуу тармактар Дүйнөлүк банктын Кыргызстан менен болгон кызматташунун артыкчылыктары экенин ырастады.

Жолугушуунун соңунда тараптар талкууланган демилгелерди тез арада ишке ашыруу үчүн тыгыз кызматташууга өз ара ниетин ырасташты.