Кесиптик багыт берүү – ар бир адамдын жашоосундагы эң маанилүү этап. Калкынын олуттуу бөлүгүн жаштар түзгөн Кыргызстандын шартында кесипти аң-сезимдүү тандоо маселеси өзгөчө актуалдуу болуп келет. Мындан ар бир жарандын жеке өнүгүүсү жана ийгилиги гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн социалдык-экономикалык келечеги да көз каранды.
Кыргызстандагы өспүрүмдөрдүн көбү ата-энесинин, жакындарынын кысымы же социалдык стереотиптердин таасири астында кесип тандашат. Көбүнчө чечим өз кызыкчылыктарын, шыгын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске албастан кабыл алынат. Бирок, мындай кадам көп учурда студенттердин тандап алган адистигин алмаштырып, диплом алгандан кийин башка кесипке орношуп же такыр ылайыктуу жумуш таба албай калышына алып келет.

Ошого карабастан акыркы жылдары Кыргызстанда бул жаатта оң өзгөрүүлөр байкалууда. Мамлекеттин жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен жаштарга туура тандоо жасоого жардам берүү максатында кесипке багыт берүү долбоорлору ишке ашырылууда. Республиканын ар кайсы аймактарында кесип жарманкелери, кесипке багыт берүүчү тренингдер, тестирлөөлөр өткөрүлүп, ар кайсы тармактын өкүлдөрү менен жолугушуулар уюштурулууда.
Санариптик технологиялардын өнүгүшү менен өспүрүмдөргө жана ата-энелерге кесиптер тууралуу маалымат алууга, жөндөмдүүлүктү аныктоо боюнча тесттерге, ошондой эле адистерден консультация алууга мүмкүнчүлүк берген онлайн платформалар жана мобилдик тиркемелер пайда болууда.

Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин программасынын алкагында кесиптик багыт берүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Өлкөдө мектеп окуучулары келечектеги адистикти тандоодо жардам ала турган адистештирилген борборлор ачылды. Ошондой эле жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө жумушка орношууга, иш берүүчүлөр менен түз кызматташууга көмөктөшөт.
"Биз жаштарга окуу жайларды - кесиптик лицейлерди, колледждерди, ЖОЖдорду аяктагандан кийин жумушка орношууга жардам беребиз. Иш берүүчүлөр бош орундарын бизге калтырышат", - деп билдирди башкармалыктын басма сөз кызматы.

Расмий маалыматтар боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда 11-классты 61 миң 546 окуучу аяктады. Бүткүл республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) 56 миң 159 абитуриент өттү, анын ичинен 31 миң 731 адам кыргыз тилинен, 24 миң 428и орус тилинен. 2025/2026-окуу жылына ЖРТнын жыйынтыгы менен ЖОЖдорго кабыл алуу 15-июлда башталып, бир нече тур менен өткөрүлөт.
Кесиптик багыт берүү процессине өлкөнүн жогорку окуу жайлары да активдүү катышууда. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин деканы Ширин Костюк белгилегендей, абитуриенттер журналистика, телевидение, эл аралык журналистика, жарнама жана коомчулук менен байланыш боюнча төрт багыт боюнча бакалавриатка тапшыра алышат. Ошондой эле 11-класстын негизинде магистратура, докторантура жана колледж курстары бар.

"Бүгүнкү күндө жаштардын журналистикага болгон кызыгуусу жогору. ЖРТдан жетишээрлик упай топтобогондор колледжге тапшырышат. Ал жакта 1 жыл 10 ай окугандан кийин 2-курстан дароо эле тандаган адистиги боюнча окуусун уланта алышат. Эл аралык журналистика жана телевидение багыттары өзгөчө популярдуу", - деп баса белгиледи Костюк.
Анын айтымында, каттоо онлайн болуп, документтер факультеттен тастыкталгандан кийин берилет. 2025-жылы журналистика факультетине 200гө жакын абитуриенттерди кабыл алуу пландалууда.
Белгилей кетсек, билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун эффективдүү инструменттеринин бири ЖОЖдордун билим берүү программаларынын жылдык рейтингдик системасы болуп калды. Ал университеттердин окуу программаларын мезгилдин талабына жана эмгек рыногунун талабына ылайык түзүүгө түрткү берет. Натыйжада студенттер жогорку сапатта билим алып, өлкө ар кайсы тармактарда натыйжалуу иштей ала турган квалификациялуу адистерди алууда.

Кыргызстанда кесипке багыт берүү акырындап жаңы деңгээлге чыгууда. Калган көйгөйлөргө карабастан, кырдаалды жакшыртуу боюнча реалдуу кадамдар жасалууда: мамлекеттик программалар, санариптик чечимдер, университеттердин жана эл аралык уюмдардын катышуусу.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү башкармалыгы алдыдагы абитуриенттерди кабыл алууга байланыштуу маселелер боюнча “Кабар” агенттигине комментарий берүүдөн баш тартты. Тактап айтканда, башкармалыктын өкүлдөрү кесип тандоо кандай болорун, кандай стандарттар колдонулаарын, босого балл өзгөрөбү, талон берүүнүн тартиби кандай болорун, орундар жетишсиз болсо кандай болорун такташкан жок.
«Учурда токтом чыга элек, керектүү адис иш менен алек», - деген кыска жооп айтышты.