Кыргызстанда бийиктиги 7000 метрден ашкан үч чоку бар. Булар Ленин, Жеңиш жана Хан-Теңири чокулары. Жети миң метрге жеткен чокулар альпинисттерди бир нече себептерден улам өзүнө тартат, алардын эң негизгиси чокуну багындырууга болгон аракет. Альпинисттер башка спортчулардай эле кадыр-баркка жана спорттук жетишкендиктерге умтулушат, бирок алар мындай чокуларга чыгуунун экстремалдуулугун жана коркунучун түшүнүп турса дагы, өз өмүрүн тобокелге салып чыгышат. 7000 метр бийиктикте кычкылтек түздүктөн эки эсе аз болгон аймак, альпинисттер ага да көз жумуп, ийгиликтерди багындырууну самашат. Бул спорттун бардык оордугуна жана коркунучтуулугуна карабастан, алар жаратылышка жакын келишет. Алардын көбү тоолордун кооздугун эң бийик жерден караганда сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес экенин белгилешет.

Кыргызстандын альпинизм федерациясынын жетекчиси Эдуард Кубатов өлкөдө эмне үчүн чокуга чыгууга уруксат берүү системасы жок экенин, туристтердин жана спортчулардын коопсуздугу үчүн ким жооп берээрин, ошондой эле альпинисттер кандай машыгарын айтып берди. Ал белгилегендей, Непал же Пакистанда уруксат берүү системасы бар, ал жактан айырмаланып Кыргызстанда тоолор бардыгы үчүн ачык бойдон калып, көзөмөл туристтик компаниялар менен альпинисттерге жүктөлгөн.

Анын айтымында, Кыргызстанда уруксат берүү системасы жок, ошондуктан каалаган адам 5000 метр, 6000 метр жана 7000 метр бийиктиктеги чокуларга чыга алат. Болгону алар тоого чыга турган мезгили тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмдөрүнө расмий түрдө кабарлашы керек. Муну треккинг боюнча туристтик компаниялар да жасашы керек.

Альпинизм федерациясы спорттук федерация болуп саналат. Бизде эч кандай административдик функциялар жок, биз туризмди, тоо спортун, трекингди жана альпинизмди жөнгө салбайбыз. Биз жөн гана чокуларга чыгуучу спортчулардын коомдук бирикмесибиз. Альпинизм боюнча бизде эч кандай жөнгө салуучу функция жок жана кимдир бирөөнүн чокуга чыгуусуна тыюу сала албайбыз. Бул биринчи кезекте туристтик агенттиктерге, трекинг компанияларына жана белгилүү бир чыгууларды жасаган спортчулардын өздөрүнө жүктөлөт”, - деди ал.
Эдуард Кубатов ошондой эле Непал, Пакистан жана Тибетте уруксат алуу системасы бар экендигин айтты. Альпинист тоого чыгардан мурун атайын уруксат алышы керек. Бирок бул негизинен сегиз миң метрлик чокуларга чыгуучуларга тиешелүү. 4000–5000 метрлик чакан чокуларга чыгуучуларды жөнгө салуу дээрлик мүмкүн эмес.

«Кыргызстанда тоолорго уруксатсыз чыгууну тыюучу түз нормалар жок. Тоолор ачык жана жеткиликтүү болгон үчүн ар бир адам өзүнүн алына жараша чыга берет. Бул биринчи кезекте спортчунун жана туристтик компаниянын жоопкерчилиги. Андыктан, балким, биз да бул өлкөлөрдүн тажрыйбасын алып, ар бир альпинист мамлекеттен атайын уруксат кагазын ала тургандай системаны киргизебиз», – деп кошумчалады ал.
Федерациянын президенти альпинисттердин даярдыгы тууралуу айтып жатып, алар табигый рельефте жана тоолордо машыгышарын, кардио жана чуркоо көнүгүүлөрүн көп жасай турганын, ошондой эле физикалык көнүгүүлөргө басым жасала тургандыгын белгиледи. Андан сырткары, шаарларда жана тоолордо жүргүзүлгөн машыгуунун башка дагы аралаш түрлөрү бар.

Ал эми 7–8 миң метр бийиктиктеги альпинисттердин сөөгүн түшүрүү мүмкүнбү деген сурообузга, 8 миң метрден өйдө болгон учурда бул мүмкүн эмес деп жооп берди.
“Бул адам үчүн чоң тобокел болгондуктан, сөөктөр ошол жерде калат. Сегиз миң метр бийиктиктен сөөктү түшүргөн учурлар сейрек кездешет. Мисалы, Хан-Тенгри жана Ленин чокусунан түшүрүлүшү мүмкүн, бирок Жеңиш чокусунан эч качан түшүрүлгөн эмес. Каза болгон альпинисттердин сөөгү ошол жерде калат”,-деди Кубатов.
Альпинисттик сезон июндун аягынан августтун ортосуна чейин жүргүзүлө тургандыгын кошумчалады ал.