Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери 1 379 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт өчүрүү жана алдын алууну анализдөө бөлүмүнүн башчысы Максатбек Нурматов радиолордун бирине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35 пайызга, ал эми чыгымы 55 пайызга көп. Жүргүзүлгөн мониторингтин жыйынтыгында өрт кырсыгы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда көп катталганы байкалган.
“Өрт кырсыгы көп катталган аймактарды айта турган болсок, Бишкек шаарында – 259, Чүй облусунда – 342, Жалал-Абад облусунда – 192, Ош облусунда – 139. Өрт жаш балдардын өрт менен ойноосунан, тамеки чегүүдө этиятсыздыктан жана өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабагандан улам келип чыгууда”,-деди ал.
Нурматов кошумчалагандай, өрттү алдын алуу үчүн жыл сайын буйрукка ылайык мамлекеттик жана социалдык мекемемлерде өрт коопсуздугу көзөмөлдөнөт.
“Быйыл жыл башынан бери республика боюнча 391 мамлкекеттик оорукананын өрт коопсуздугу текшерилди”,-деди ал.