Кыргызстанда ЖОЖдордун билим берүү программаларынын сапаты аныкталды

Билим Загрузка... 18 Июнь 2025 11:26
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.06.25. /Кабар/. Бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Агартуу министрлиги EdNet билим берүү жаатындагы сапатты кепилдөө боюнча агенттиги менен биргеликте Кыргызстандагы ЖОЖдордун билим берүү программаларынын биринчи рейтингинин жыйынтыгын тартуулады.

Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкуловдун айтымында, билим берүү программаларын баалоонун жыйынтыктары төмөнкү багыттар боюнча чыгарылды:

  • педагогика;
  • дарылоо иши;
  • юриспруденция;
  • эл аралык мамилелер;
  • экономика;
  • маалыматтык технологиялар;
  • маалыматтык системалар жана технологиялар.

“Рейтинг ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин формасына карабастан Кыргызстандын бардык ЖОЖдорун камтыды жана Кыргызстандагы жогорку билим берүүнүн кадыр-баркын жогорулатуунун жана таанымалдуулугун арттыруунун маанилүү куралы болуп калды”,-деди ал.

Махметкулов белгилегендей, Агартуу министрлиги билим берүү программаларынын сапатын жана алардын эл аралык стандарттарга шайкештигин жогорулатууга багытталган рейтинг системасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда.

“Рейтингдин натыйжалары ЖОЖдорго күчтүү жана алсыз жактарын аныктоого, мыкты окутуучуларды жана студенттерди тартууга жана заманбап билим берүү стратегияларын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Өткөн жылы министрлик EdNet агенттиги менен биргеликте ЖОЖдордун биринчи улуттук рейтингин өткөргөн, бул билим берүү мекемелерине ачык-айкын жана объективдүү баа берүүдө маанилүү кадам болгон. Бул жылы Агартуу министрлиги жана EdNet агенттиги аталган демилгени жигердүү өнүктүрүп, жогорку билим берүү системасын андан ары жакшыртууга багытталган билим берүү программаларынын рейтингин ишке киргизди”,-деди ал.