Кыргызстанда Жеңиш күнүн майрамдоого кызуу даярдык көрүлүүдө

Коом Загрузка... 04 Апрель 2025 14:53
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Коргоо министри Бактыбек Бекболотов "Жеңиш 9/45" кыймылынын уюштуруу комитетинин 1941-1945 – жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын даярдоо жана майрамдоо боюнча делегациясы менен жолугушту.

Ведомстводон кабарлашкандай, делегацияны “Жеңиш 9/45” патриоттук кыймылынын уюштуруу комитетинин төрагасы, Россиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Борис Чернышов жетектөөдө.

Жыйынга Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү катышты.

“Биз Коргоо министрлигине “Жеңиш 9/45” эл аралык кыймылынын иш-чараларын уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз. Кыргызстандык кесиптештер менен кызматташуу өзгөчө мааниге ээ, анткени эки элдин ата-бабаларынын согуштагы эрдиги,тарыхы бир. Бул жолугушуу тарыхый адилеттүүлүктү бекемдөөгө дагы бир кадам болот деп ишенем. Алдыдагы ишибиз жемиштүү болушуна үмүттөнөбүз”, - деди Борис Чернышов.

Белгилей кетсек, “Жеңиш 9/45” долбоору “Евразия” автономиялык коммерциялык эмес уюму тарабынан демилгеленген.

Эске салсак, буга чейин 27-февралда “Жеңиш 9/45” иш-чарасына даярдык көрүү максатында өлкөдө уюштуруу комитетинин биринчи отуруму өткөн.

Жыйындын жүрүшүндө Улуу Жеңишке арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан бардык маселелер талкууланып, иш жүзүндө чечилген. Ошондой эле министрликтердин жана башка мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун “Жеңиш 9/45” кыймылынын уюштуруу комитети менен мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланган.