Жазгы талаа жумуштарынын башталышына саналуу гана убакыт калды. Учурда дыйкандар жазга кызуу камданууда. Ал арада бүгүнкү күндө климаттык шартка байланыштуу Араван районунда картошканын эрте бышкан сортун эгүү иштери башталды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги сугат суу, сапаттуу үрөндү камсыздоо, техникаларды даярдоо, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү иштерин кызуу жүргүзүүнү колго алган. “Кабар” агенттиги жазды утурлай камылгалар кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу айтып берет.
Жаз жарыш, күз күрөш
Баткен облусунун Кадамжай районунун Айрыбаз айылынын тургуну, дыйкан Руслан Кадыров үч жылдан бери кулпунай өстүрүү менен алектенип келет. Буга чейин ал үй-бүлөсү менен он чакты жылдай чет өлкөдө иштеп жүргөн. Акыры өлкөгө кайтууну чечип, жер иштетүүнү өздөштүрүүгө бел байлаган.

Дыйкандын айтымында, алгач бир аз гана аянтка кулпунай тиккен. Азыр мөмө-жемиштин жалпы аянты 2 гектардан ашты. Учурда жазгы талаа жумуштарына даярдыктарды көрүп жатат.

“Биз облусубузга ылайыктуу, тез быша турган сортторду өстүрөбүз. 2023-жылы дыйканчылыгыбызды баштаганбыз. Эки жылдан бери түшүм алып жатабыз. Былтыр түшүмүбүз мурдагы жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге көп жыйналды. Өлкө боюнча кулпунайдын мол түшүмүн алууда рекорддук көрсөткүчтөргө жетиштик. Быйыл да мындай жыйынтыктарга жетүү максатында аракеттерди көрүп жатабыз. Учурда жерди тазалоо, дарылоо иштери башталган. Ошондой эле үй-бүлөбүз үчүн жер-жемиштерди, тоют үчүн чөптөрдү өстүрүүгө даярдыктар жылдагыдай эле. Айылга инвесторлор келип, логистикалык борбор куруу пландалууда. Бул борбор курула турган болсо, түшүмүбүздү сактоого шарттар түзүлөт деп турабыз”, - деди Руслан Кадыров.
Суу менен камсыздоо
2030-жылга чейин 106 БСР, БДР (суткалык жана декадалык жөнгө салуу бассейндери) куруу мерчемделген. Анын ичинен 12синин курулушу бүткөрүлүп, колдонууга берилди. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов маалымдагандай, планга ылайык, жөнгө салуу бассейндердин онунда курулуш иштери уланууда, алар 2026-жылы бүткөрүлөт. Дагы 24 БДРди долбоорлоо иштери колго алынган.

“Быйыл дыйкандарды 6,5 млрд куб суу менен камсыздоо керек. Каналдар оңдолуп, план боюнча иштер жасалууда. Каналдарга жана арыктарга бетон төшөө иштерин да жүргүзүп жатабыз”, - деди ал.
Үрөн, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу май жетиштүүбү?

Сапаттуу жана сертификацияланган үрөндөр менен камсыздоо иштери да унутта калган жок. Дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү боюнча иштер 83-85% аткарылып калды. Калган өсүмдүктөр боюнча да үрөндөр дээрлик толук даярдалды. Кыргызстанда 86 үрөн чарбасы бар. Алардын 30 пайызын мамлекет жаап берет. Мындан тышкары, жеке компаниялар да үрөндөрдү алып келишет. Ошондой эле дыйкандардын өздөрүндө да камдалган үрөндөрү бар.
Жер семирткичтер боюнча айта турган болсок, өлкөдө жалпы 185 миң тонна жер семирткич керектелет. Бүгүнкү күндө 26 миң тоннасы республика боюнча 30-40 сатуу пункттарында сатылууда. Орточо баасы 23 сомдон 29 сомго чейин болуп жатат.
Бир жылга айыл чарба жумуштарына 40 миң тонна дизелдик отун сарпталат. Азыр күйүүчү-майлоочу майлардын 7 млн литрин жеңилдетилген баа менен Материалдык резервдер фондусу аркылуу дыйкандардын сунушуна жараша берилип жатат.

Айыл чарба техникаларын даярдоо
Айыл чарба техникалары учурда 80% даяр. Жалпы республика боюнча 22 миңден ашык трактор бар. Азыр анын 20 миңдейи даярдыктан өттү. Калгандары ремонттолууда. Жазгы талаа иштери башталганга чейин техникалар толугу менен даярдалып бүтөт.

Дыйкандарга кайсы өсүмдүктөрдү өстүрүүгө сунуштар берилүүдө?
Туратбек Идрисовдун айтымында, ар бир облустун климаттык шартына жараша жазды утурлай кандай өсүмдүктөрдү өстүрүү керектиги тууралуу кеп-кеңештер, сунуштар берилет. Быйыл да бир катар сунуштар айтылды.
Баткен облусу: Баткендик дыйкандарга кургакка чыдамдуу, эрте бышуучу арпаны өстүрүү сунушталып келет. Үрөндөр да жетиштүү көлөмдө. Мындан тышкары, күрүч, чанактуу өсүмдүктөр (соя, нокот, маш), өрүк, шабдаалы, кара өрүк, гилас кеңири өстүрүлөт. Анткени суроо-талап жогору. 2-3 жылдан бери жүзүм өстүрүүчүлүккө да басым жасалууда.
Ош облусу: Жашылча, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү, пахта, тамеки, май өсүмдүктөрү сунушталат. Тоолуу райондорунда арпа, май өсүмдүктөрү, Өзгөн, Араван, Кара-Суу райондоруна айрыкча күрүч өстүрүү сунушталып келет.
Жалал-Абад облусу: Бул облуска деле Ош облусунукундай өсүмдүктөр өстүрүлөт. Ошондой эле Сузак, Ноокен, Аксы райондоруна коон, дарбыз өстүрүү боюнча кеңештер берилет. Башка райондорго пахта, мөмө-жемиш, жер-жемиш өстүрүлөт. Жакындан бери чет өлкөдөн тамеки өстүрүү боюнча сунуштар келип жаткандыктан, ага да басым жасалууда.
Талас облусу: Бул аймакта 40-50% төө буурчак эгилет. Анын ордуна буудай, арпа, жүгөрү, кант кызылча, картошка, мөмөмө-жемиштерди да өстүрүү сунушталууда. Муну менен дыйкандарга жерди алмаштырып айдоого көңүл буруу керектиги белгиленди.
Нарын облусу: Нарында арпа, эспарцет, бедеге басым жасалат. Кочкор, Ат-Башы райондорунда картошка тигүү сунушталган. Акыркы жылдары Ак-Талаа, Нарын, Ат-Башы райондорунда кайрак жерлерге май өсүмдүктөрүн (сафлор) өстүрүү боюнча былтыр, мурдагы жылдан бери сунуштар айтылып, бул өсүмдүктөр жакшы өстүрүлүп жатат. Ошол эле маалда облуста лён өсүмдүгүн өстүрүп көрүү сунушталууда.
Ысык-Көл облусу: Ысык-Көлдө алма, алмурут, өрүк, карагат, дан куурай өстүрүлөт. Акыркы жылдары Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп райондорунда картошка, карагат, дан куурай, кулпунай да өстүрүлүүдө. Жети-Өгүз менен Ак-Сууда дары чөптөргө да көп көңүл бурулууда.

Чүй облусу: Сары-Өзөндө дан өсүмдүгү, кант кызылчасы, бакча өсүмдүктөрү көп аянттарды ээлейт. Мөмө-жемиштерге, май өсүмдүктөрүнө да көп көңүл бурулууда.
Быйыл дыйкандарга өсүмдүктөрдү тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмасын колдонуу боюнча сунуштар айтылды. Анткени, бул система түшүмдү жогору кылып, коротулган каражаттарды актаганга мүмкүнчүлүк түзөт.
Министрлик тарабынан дыйкан-фермерлерге продукцияларын кайда экспорттоого керектиги, кандай документтер талап кылынары, бардык жол-жоболору тууралуу жардамдар көрсөтүлүп келет. Дыйкандарга атайын окутуулар уюуштурулуп, тажрыйбасын жогорулатууга маани берилип жатат.