Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Кыргызстанда 23-ноябрда жаңы "Номад ТВ" телеканалынын ачылышы болду.
Телеканалды салтанаттуу ачуу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова катышты.
"Номад ТВ" — бул Кыргызстандын мамлекеттик каналдары менен кызматташкан, ошондой эле НТВ программаларын ретрансляциялаган биргелешкен кыргыз-россиялык долбоор.
Каналдын берүү тили орусча болот, бирок көрүүчүлөр кыргыз тилиндеги үн коштоону тандай алышат. Канал өлкөнүн 70 пайызы камтыган экинчи мультиплексте жана ири кабелдик тармактарда акысыз жеткиликтүү.