Кыргызстанда жаңы мектептер инклюзивдүү билим берүүгө ылайыкталат

Билим Загрузка... 26 Январь 2026 09:54
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.06.30.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. Өлкө боюнча 20 мектептин курулушу пландалууда, учурда алардын 10у курулуп жатат. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ар бир жаңы мектепте бир же эки инклюзивдүү билим берүү классы болот.

Анда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт.

"Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу биздин пландардын бир бөлүгү", - деп белгиледи министр.