Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. 17-майдан 23-майга чейин Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөө өтүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-2026-окуу жылына карата Э-Күндөлүктүн маалыматына карата 80 миң 729 окуучу бүтүрүп жатат.
"Көрсөтүлгөн мөөнөт аралыгында ЖРТга жалпы 64 миң 83 абитуриент катталды. Анын ичинде кыргыз тилинде – 35 288, орус тилинде – 28 795. Бүтүрүүчүлөрдүн ЖРТга даярдык иштери планга ылайык жүргүзүлүп, учурда жыйынтыктоо этабында турат. Окуучулар менен консультациялар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп белгилешти ведомстводон.
Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн ЖРТга даярдык көрүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында видеосабактар, маалыматтык роликтер жана окуу китептери даярдалып, пайдаланууга берилген.
Мындан тышкары, абитуриенттерди колдоо жана тестирлөөгө сапаттуу даярдоону камсыз кылуу максатында 2026-жылы "Булак" аттуу акысыз мобилдик тиркеме ишке киргизилген. Аталган тиркеме аркылуу окуучулар тесттик тапшырмаларды аткарып, өз алдынча билим деңгээлин текшерүүгө жана даярдык процессин системалуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Белгиленгендей, босого бал ЖРТ бүткөндөн кийин аныкталат.