Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарында 21-сентябрь – Эл аралык тынчтык күнүнө карата өткөрүлүп жаткан салттуу “Ынтымак жумалыгы” башталды.
Быйыл бул диалогдук аянтча өз масштабын кеңейтип, аймактык деңгээлге чыкты. Иш-чаралар Бишкек, Ош шаарларында жана Тажикстандын Худжанд шаарында өтөт.
Бул демилгенин башкы максаты — Кыргызстанда жана бүткүл Борбор Азия аймагында тынчтыкты, туруктуулукту жана улуттар аралык ынтымакты сактап калуу үчүн мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун, бизнестин, академикалык чөйрөнүн, жаштардын жана аялдардын күч-аракетин бириктирүү болуп саналат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, саясий илимдеринин кандидаты Чынара Эсенгул билдирди.

“Азыркы тапта дүйнөдө ар кандай чыр-чатактар көбөйүп жаткан кезде тынчтыктын мааниси абдан жогорулап жатат. Биздин аянтча ар кайсы секторлорду жана муундарды — тажрыйбалуу улуу муунду жана жаңы технологияларды өздөштүргөн жаштарды бириктирип, бири-бирин угууга, билим жана тажрыйба бөлүшүүгө шарт түзөт”, — деди ал.
Белгилей кетсек, быйылкы жумалыктын башкы өзгөчөлүгү — стратегиялык деңгээлде академикалык дүйнөнү жигердүү катыштыруу жана университеттердин базасында илимий-практикалык талкууларды өткөрүү болуп саналат.