Кыргызстан БУУда тынчтыкка, ынтымакка чакырган олуттуу демилгелерди көтөрөт

Коом 22 сентябрь 2026 13:00
Кыргызстан БУУда тынчтыкка, ынтымакка чакырган олуттуу демилгелерди көтөрөт

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги убактылуу мүчөсү катары тынчтыкка жана ынтымакка чакырган олуттуу демилгелер менен чыгат. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Эл аралык тынчтык күнүнө карата өткөн"Ынтымак жумалыгынын" ачылыш аземинде билдирди.

Ал иш-чаранын өлкө үчүн да, эл аралык деңгээлде да өзгөчө маанисин белгилеп, "Ынтымак жумалыгы" — коомдогу тынчтыкты жана биримдикти бекемдөөгө багытталган маанилүү демилге экенин айтты.

"Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө эл аралык мамилелерде коомдун кээ бир баалуулуктар кайра каралып, атүгүл көз жаздымда калып жаткан чакта, биз кыргыз жергесинде "Ынтымак жумалыгын" өткөрүп жатканыбыз өзгөчө мааниге ээ. Эл аралык тынчтык күнүнө карата уюштурулган бул иш-чара — тынчтыкты, өз ара түшүнүшүүнү жана социалдык биримдикти бекемдөөгө багытталган кадам", — деди Арслан Койчиев.