Койчиев: "Ынтымак жумалыгы" – тынчтыкты, биримдикти бекемдөөгө багытталган демилге

Коом 21 сентябрь 2026 16:05
Койчиев: "Ынтымак жумалыгы" – тынчтыкты, биримдикти бекемдөөгө багытталган демилге
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. "Ынтымак жумалыгы" — коомдогу тынчтыкты жана биримдикти бекемдөөгө багытталган маанилүү демилге. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Эл аралык тынчтык күнүнө карата өткөрүлүп жаткан "Ынтымак жумалыгынын" ачылыш аземинде билдирип, иш-чаранын өлкө үчүн да, эл аралык деңгээлде да өзгөчө маанисин белгиледи.

Мамлекеттик катчы өз сөзүндө азыркы тапта дүйнөдө эл аралык мамилелер татаалдашып, айрым баалуулуктар кайра каралып жаткан учурда Кыргызстанда мындай демилгелердин өткөрүлүшү абдан актуалдуу экенине токтолду.

"Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө эл аралык мамилелерде коомдун кээ бир баалуулуктар кайра каралып, атүгүл көз жаздымда калып жаткан чакта, биз кыргыз жергесинде "Ынтымак жумалыгын" өткөрүп жатканыбыз өзгөчө мааниге ээ. Эл аралык тынчтык күнүнө карата уюштурулган бул иш-чара — тынчтыкты, өз ара түшүнүшүүнү жана социалдык биримдикти бекемдөөгө багытталган кадам", — деди Арслан Койчиев.

Ошондой эле ал Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги убактылуу мүчөлүгүнө токтолуп, өлкө дүйнөлүк аренада да дайыма тынчтыкка жана ынтымакка чакырган олуттуу демилгелер менен чыгарын кошумчалады.

Быйылкы "Ынтымак жумалыгынын" алкагында жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүдө, тынчтыкты орнотууда жаштар менен аялдардын ордуна өзгөчө көңүл бурулууда.

"Жаштар — жаңы идеялардын жана позитивдүү өзгөрүүлөрдүн булагы болсо, аялдар жергиликтүү жамааттарда ынтымакты, өз ара түшүнүшүүнү жана туруктуулукту бекемдөөгө олуттуу салым кошуп келишет. Ошондуктан алардын демилгелерин колдоо жана коомдук процесстерге активдүү катышуусуна шарт түзүү зарыл", — деп белгиледи иамлекеттик катчы.

Арслан Койчиев президент Садыр Жапаровдун "Кыргызстанда дайыма ынтымактын, ички сый-урматтын күчү менен бекем болуп келген" деген сөзүн эске салып, тынчтыкты сактоо — жалпы коомдун биргелешкен жоопкерчилиги экенин билдирди.

"Тынчтык — бул жөн гана сөз эмес, бул күн сайын жасалган аракет жана жалпы жоопкерчилик. Ар бирибиздин бири-бирибизге болгон мамилебиз, сый-урматыбыз коомдогу тынчтыкка салым кошот. "Ынтымак жумалыгында" көтөрүлгөн идеялар, айтылган сунуштар кыргыз коомчулугуна кеңири тарап, жемиштүү кызматташтыкка жол ачсын", — деп айтты Арслан Койчиев.

Иш-чаранын соңунда мамлекеттик катчы уюштуруучуларга, эл аралык өнөктөштөргө жана бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, ар бир үй-бүлөгө жана жалпы өлкөгө тынчтык менен ынтымак каалады.