Кыргызстанда вакцина жана жер семирткич чыгарган заводдор курулат

Министрлер кабинети Жүктөлүүдө... 16 Июль 2026 17:20
6a58be6c7a65b.jpeg
6a58be70ad0d6.jpeg
6a58bde032f4c.jpeg
6a58be746bc71.jpeg
6a58be66ea932.jpeg
6a58be1731189.jpeg
6a58be0fad4b1.jpeg
6a58be08118a0.jpeg
6a58be0337155.jpeg
6a58bdfc5b25b.jpeg
6a58bdeca0b16.jpeg
Алдыга
Артка
6a58be6c7a65b.jpeg
6a58be70ad0d6.jpeg
6a58bde032f4c.jpeg
6a58be746bc71.jpeg
6a58be66ea932.jpeg
6a58be1731189.jpeg
6a58be0fad4b1.jpeg
6a58be08118a0.jpeg
6a58be0337155.jpeg
6a58bdfc5b25b.jpeg
6a58bdeca0b16.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайдын агроөнөр жай тармагындагы ири компанияларынын жетекчилерин кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын "Кыргыз Агрохолдинг" ААК менен Кытай электр инженерия улуттук компаниясынын (CNEEC) ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. 

Меморандумга ылайык, жылына 600 миң тоннага чейин минералдык жер семирткичтерди (карбамид) чыгаруучу завод Кыргыз Республикасында куруу каралат. Долбоор өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого, агроөнөр жай тармагын өнүктүрүүгө жана ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жогорку сапаттагы минералдык жер семирткичтер менен камсыздоого багытталган.

Ошондой эле Кыргызстандын "Кыргыз Агрохолдинг" ААК менен кытайлык "Шицзячжуан Шайнеон" биотехнологиялык компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болду. 

Бул документке ылайык, Кыргызстанда эл аралык GMP стандарттарына жооп берген жылына 25-30 млн доза ветеринардык вакциналарды өндүрүүчү завод куруу долбоорун ишке ашыруу каралат. Долбоор ветеринардык тармакты өнүктүрүүгө, айыл чарба ишканаларын сапаттуу ата мекендик вакциналар менен камсыздоого жана өлкөнүн биологиялык коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

Эрлист Акунбеков бул эки долбоордун ишке ашырылышы менен Кыргызстанда агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга, заманбап технологияларды киргизүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө маанилүү салым кошоорун белгилеп, долбоордун кыска мөөнөттүн ичинде сапаттуу ишке ашырылышына ишенээрин билдирди.