2025-жылдын башына карата Кыргызстанда 65 жаштан жогорку курактагы адамдардын үлүшү 6,0% (440,0 миң адамды) түзгөн. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Ал эми 2024-жылдын башына карата ошол эле 65 жаштан жогорку адамдардын үлүшү 5,7% (407,9 миң адам) болгон. Бул 1950-1960-жылдары туулган көбүрөөк муун пенсия курагына кирип жатканына байланыштуу Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан чыккандардын саны жыл сайын өсүп бара жатканы көрсөтүлгөндүгүн Статистика комитети белгилеген.
“БУУнун классификациясына ылайык, 65 жаш жана андан жогорку курактагы адамдардын үлүшү 4%дан аз болсо, анда калк жаш деп эсептелет. Эгерде бул көрсөткүч 4%дан 7%га чейин болсо, анда карылыктын босогосундагы калк катары айтууга болот. БУУнун болжолдоолорунда 2030-жылга карата Кыргызстанда улгайган адамдардын үлүшү 7% жакындашы мүмкүн экени көрсөтүлгөн”, - деп айтылат маалыматта.
2025-жылдын 1-сентябрына карата өлкө боюнча жалпы пенсионерлердин саны 813 миң 538 түзөт. Анын ичинен 642 миң 959 жаран жаш курагы боюнча пенсия алуучулар болуп саналат.
“Кыргыз Республикасынын улгайган жарандары жөнүндө” мыйзамынын негизинде жалпысынан 58 жаш курактан баштап аялдар, 63 жаштан эркектер улгайган жарандар болуп эсептелерин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин майыптыгы бар жана улгайган жарандарга карата чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Назгүл Чолумова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

“Бүгүнкү күндө 7 миллиондон ашык калктын ичинен 65 жаштан өйдө куракка 400 миңден ашык жаран кирет. БУУнун шкаласы боюнча 65 жаш курактан өйдө жарандар улгайган деп эсептелет. Ал эми биздин мыйзам 58 жана 63 жаш деп көбүрөөк жарандарды камтууда. Жарандарыбыз бул куракта деле эмгекке жарамдуу, ошондуктан улгайган деп мыйзамда белгиленгенине карабастан, Социалдык фонд аркылуу алып карасак, 769 миң адам бүгүнкү күндө пенсия алат. Мындан тышкары, Эмгек министрлиги тарабынан өлкө боюнча 2 миңге жакын адам социалдык жөлөк пул алышат”,- деди Чолумова.
Маалымдалгандай улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу иш планы 2019-жылдан тартып ишке ашырылып келүүдө. Андан тышкары, 2023-жылы майыптыгы бар жарандарга жана калктын аз мобилдүү топтору үчүн “Жеткиликтүү өлкө” программасы да кабыл алынган. Бул программа майыптыгы бар, улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, кош бойлуу аялдарды камтыйт.
Белгилей кетсек, министрликтин өкүлү белгилегендей, өлкөдө жарандардын жашоо сапаты жакшырууда. Жарандардын орточо жашоо узактыгын карап көрсөк, эркектердики 66 жаш, аялдарын орто жашоосу 74 жаш деп аныкталган. Мисалы, Японияда орточо жашоо узактыгы 84-86 жашты түзөт.
“Жылдан жылга жашоо сапаты өскөн сайын жашоонун орто мөөнөтү да узарууда. 2030-жылы бул тенденция абдан өсөт, биз жаш калктуу мамлекет эмес, карып бараткан мамлекеттердин арасына киребиз. Ошондо бардык мамлекеттик органдарга, бардык тармактарга оорчулук келет. Ошондуктан биз азыртадан даярданышыбыз керек. Ошол эле социалдык чөйрөгө күч келип, азыркыдай социалдык кызматкерлер жетишпей калат. Социалдык стационардык мекемелерге азыр эле кезек болуп жатса, 2030-жылдардан кийин бул мекемелерге мындан да көп кезек жаралып, оорчулук түшөт. Ошол эле саламаттык сактоо системасына оорчулуктар жаралат. Калктын жашоосунун узарышы абдан жакшы бирок, ошол эле учурда системага оорчулук жаралбаш үчүн азыр кадамдарды жасашыбыз керек. Карыларыбыздын ден соолугуна кам көрүп, жер-жерлерде борборлорду ачуу, карыларды сергек, саламаттыкта жашоого тартып, алдын алуу иштерин жүргүзүшүбүз керек. Карыганда катуу ооруп калбаш үчүн ар бир жаран өз ден соолугуна кам көрүүгө милдеттүү. Балдарды чоңойткондон кийин ата-энелер өздөрүнө кам көрүп, өздөрү үчүн жашаса, алардын жашоосу кызык, узак болуп, жашоого керек экендигин сезишет. Негизги мамлекеттик системага оорчулук келбейт деген ойду айткым келет”,- деди Чолумова.

Карылыкта биринчиден үй-бүлөңө андан кийин мамлекетке жүк болуп, күч келтирбеш үчүн ар бир жаран ден соолугуна алдын ала кам көрүп, каржылык көз карандысыздыкты, социалдык активдүүлүктү сактап өз алдынча болууга аракет кылышы керек. Ошол эле учурда мамлекет да өз жарандарына шарт түзүп берүүгө милдеттүү.
Акыркы күндөрү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу карылардын, майыптыгы бар жарандардын үйлөрүнө муктаждык көбөйүп, кезекке турган жарандардын саны өсүп жаткандыгын аталган министрликтин алдындагы социалдык коргоо департаментинин бөлүм башчысы Айдай Адылбекова маалымдады.

“Жалпы 17 мекеменин психоневрологиялык 5 мекемесинин ар биринде 100гө жакын, жалпы 500гө жакын адам кезекте турат. Тилекке каршы жаштар арасында ата-энени багуу милдетин аткаргандардын саны азайып баратат. Бирок, тиешелүү мыйзам менен каралгандай ата-энесин карабагандарды сотко берип, алимент төлөөгө милдеттендирсе болот. Бирок, андай учур катталган эмес. Мекемеге кайрылгандардын 65 пайызын эркектер түзөт”, - деди Адылбекова.
Белгилүү болгондой, жыл сайын 1-октябрда дүйнө жүзү БУУнун Башкы Ассамблеясы 1990-жылы декабрда бекиткен өзгөчө дата - Эл аралык карылар күнүн белгилейт. Кыргызстанда да бул күн коомдун көңүлүн улгайган адамдарга бурууга жана алардын жашообуздагы ордун белгилөөгө багытталып белгиленет. Учурда өлкөдө 15-сентябрдан 15-октябрга чейин “Улгайган жарандарга көңүл буруу жана камкордук” ураанынын алдында атайын бир айлык өтүүдө.
Камкордук иретинде үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, пенсияларды кайра эсептөө жүргүзүлөт. Аталган мыйзам менен пенсия алуучулардын саны 1-октябрга карата 818 миңге жакын болоору божомолдонуп жатканын Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Муканбетов “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө билдирген.

“Ушул жылдын 1-сентябрына карата пенсия алуучулардын саны 814 миңге жакындап калды. Мында бир топ жыл мурункуга караганда өсүш болду. Анткени, 2010-жылдары пенсияонерлердин саны 530 миңдин тегерегинде болгон. Пенсия алуучулардын бул катмарлары карылык боюнча жаш курагына ылайык пенсия алуучулар, майыптыгы боюнча жана баккан адамдан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучулар деп 3 категорияга бөлүнөт. Мында бардык пенсия алуучулардын пенсиялары жогорулайт. Ал эми күч түзүмдөрүндө иштегендер башка мыйзам менен пенсия алгандыктан, бул жогорулатуулар аларга эч кандай таасир этпейт.
Министрлер кабинетинин №534 токтомуна ылайык, 1-октябрга чейин мыйзам боюнча чектелген 50 миңге чейинки пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү 10 пайызга жогорулайт. Мында 600 сомдон кем эмес деген төмөнкү босогосу белгиленди. Камсыздандыруу бөлүктөрү жарандарыбыздын эмгек стажына, төгүмдөрүнө жараша эсептелген бөлүгү болуп эсептелет. Былтыркы жылы 6 миң 900 сомго жеткирилген пенсияларга 600 сом кошулса, 1-октябрдан тартып 7 миң 500 сом алышмакчы. Анткени, былтыр президенттин жарлыгы менен 1-октябрдан баштап пенсиялардын өлчөмүн жашоо минимумунун өлчөмүнө жеткирүү менен 6 миң 900 сомго жеткирилип, андан төмөн пенсиялар жок.

Ал эми 50 миңден жогору камсыздандыруу бөлүгү болгон пенсия алуучулардын камсыздандыруу бөлүктөрү 5 миң сомдон көп эмес көбөйтүлөт. Басымдуу 50 миңге чейин пенсия алуучулардын пенсиясы 10 пайызга 600 сомдон кем эмес көбөйөт. 10-октябрдан тарта жаңы өлчөмдө пенсияларды төлөөнү баштайбыз”, - деди Муканбетов.
КР Конституциясынын 44-беренесинде жазылгандай, мамлекет жашоо минимумунун өлчөмүндө пенсия, жөлөк пул, айлык маяна менен камсыз кылыш керек. Былтыр 6 миң 900 сом жашоо минимумун аткаруу максаты болсо, быйыл Улуттук статистика комитети жашоо минимуму деп белгилеген чекте 7 миң 100 сомдон кем пенсия болбостугун Социалдык фонддун өкүлү кошумчалады.