Кыргызстанда токойлор өлкө аймагынын 6,4 пайызын ээлейт

Коом 16 октябрь 2026 09:20
Кыргызстанда токойлор өлкө аймагынын 6,4 пайызын ээлейт
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Кыргызстандагы токойлордун жалпы аянты 1 млн 273 миң гектарды түзүп, өлкө аймагынын 6,4 пайызын ээлейт.

Жаратылыш ресурстары, эколоргия жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-2026-жылдары 456 объектте 6 миң 419 гектардан ашык аянтта токой жайгаштыруу иштери жүргүзүлгөн.

Учурда Мамлекеттик токой фондунун жерлери 100 пайыз санариптик маалыматтар менен камсыздалып, санариптик карталар жана электрондук маалымат кампасы толук даярдалган.

Мамлекеттик токой фондунун жерлериндеги токой баскан аянт 787 миң 313,8 гектарды түзөт. Анын 47 миң 244,2 гектары экме токойлор.