Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Бишкекте курамында кант бар суусундуктарга салык салуу маселеси боюнча жогорку деңгээлдеги саясий диалог өттү.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, диалог жүрөк-кан тамыр, кант диабети жана онкология сыяктуу жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана туура тамактанууну жайылтууга багытталган.
Иш-чара Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен уюштурулду.

Анда Кыргызстанда өлүмдүн негизги себеби дагы эле жугуштуу эмес оорулар болуп жаткандыгы белгиленди. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, өлкөдө 6 айдан 23 айга чейинки балдардын 78%ы таттуу суусундуктарды ичишет. Бул семирүүгө жана кант диабетине алып келүүдө.
Дүйнөлүк банктын талдоосуна ылайык, курамында кант бар суусундуктарга салык киргизүү жакынкы 25 жылда 41 миң кант диабетинин жана 50 миңден ашык семирүү учурларынын алдын алат. Ошондой эле бул чара миңдеген жарандарды жүрөк-кан тамыр жана инсульт ооруларынан коргоого өбөлгө түзөт. Натыйжада калктын ден соолугу чыңдалып, мамлекеттик бюджетке кошумча киреше алып келет.

"Салыкты биринчи кезекте калктын ден соолугуна жана өнөкөт оорулардын алдын алууга инвестиция катары кароо зарыл. Мамлекет бүгүнкү күндө эле диабеттин татаалдашууларын (гемодиализ, инфаркт ж.б.) дарылоого ири чыгымдарды жумшап жатат", - деп белгиледи саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова.
Дүйнөнүн 115тен ашык өлкөсү калктын ден соолугун коргоо үчүн мындай салык тутумун ийгиликтүү колдонуп келет.
Соңунда катышуучулар Кыргызстанда бул багыттагы ченемдик-укуктук базанын долбоорун биргелешип иштеп чыгууну макулдашты.