Кыргызстанда тамеки чегүү менен онкологиялык оорулардын байланышы жогору – дарыгер

Ден соолук Загрузка... 28 Май 2026 13:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Тамеки тартуу организмде рак оорусунун пайда болуу коркунучун жогорулатарын “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук онкология жана гематология борборунун Торакалдык онкохирургия бөлүмүнүн башчысы Мукаш Бейшембаев билдирди.

WhatsApp Image 2026-05-28 at 10.20.55 (8).jpeg

Анын айтымында, адамдын тамеки чегүүсүндө рактын өнүгүү коркунучу жаралбаган бир дагы органы жок.

Дарыгер белгилегендей, тамеки түтүнү бардык органдарда рактын пайда болушуна таасирин тийгизет. Бирок эң жогорку коркунуч деңгээли дем алуу органдарынын, ичеги-карын, ошондой эле боор менен бөйрөк онкологиялык ооруларында катталат.

Адис өпкө рагына өзгөчө көңүл буруп, бул илдет аныкталган бейтаптардын 95%га жакыны тамеки тарткандар экенин белгиледи. Ал эми калган 5% учур көбүнчө түтүндүн терс таасиринен же пассивдүү тамеки тартуудан улам келип чыгары маалымдалды.

WhatsApp Image 2026-05-28 at 10.20.54 (4).jpeg

Бейшембаев баса белгилегендей, активдүү тамекини чегүүдө түтүндүн 20%га жакыны гана чеккен адамдын организмине кирсе, калган 80%ы айлана-чөйрөгө тарап, жанындагы адамдарга таасирин тийгизет. Ошондуктан, пассивдүү тамеки тартуу кээде тамеки чеккен адамдын өзүнө караганда, айланасына көп коркунуч туудурушу мүмкүн.

Онколог эл аралык байкоолорго таянып, өпкө рагына чалдыгуу көрсөткүчү мындан ары да өсүп, өзгөчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда ар бир 10 жылда болжол менен 14%га көбөйөрүн белгиледи. Мында эң чоң коркунуч жаштар менен аялдар арасында байкалып жатканы айтылды.

Тамеки чегүү көбүнчө мода же стресстен арылуунун жолу катары кабыл алынып жатканы менен мындай шылтоолор медициналык тобокелдиктердин реалдуу деңгээлин чагылдырбай турганы кошумчаланды.