Кыргызстанда сутка ичинде 45 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 5 июнь 2025 10:05
Кыргызстанда сутка ичинде 45 өрт кырсыгы катталды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 05.06.25 /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 45 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 47 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарында – 12, Ош облусунда – 1, Чүй облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 1, Талас облусунда – 2, Баткен облусунда – 4.

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.