Кыргызстанда сутка ичинде 32 өрт катталды

Кырсык 19 август 2025 13:26
Кыргызстанда сутка ичинде 32 өрт катталды

Бишкек, 19.08.2025. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 32 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 34 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусунда 10, Жалал-Абад облусунда 6, Бишкек шаарында 6, Ош облусунда 5, Нарын облусунда 2, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт катталган.

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон.