Бишкек, 30.07.25. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 30 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 32 бөлүм тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусунда 8, Бишкек шаарында 6, Жалал-Абад облусунда 5, Ош облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда 2, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт катталды.
Куткаруу кызматтары тарабынан чыгуу 1 болгон.