Кыргызстанда сутка ичинде 24 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 10 сентябрь 2025 10:32
Кыргызстанда сутка ичинде 24 өрт кырсыгы катталды

Бишкек, 10.09.25 /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 24 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 28 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ош облусунда 7, Чүй облусунда 6, Бишкек шаарында 4, Жалал-Абад облусунда 4, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт катталды.

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болгон.